Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн?  Бул суроого экс-депутат Бейшенбек Абдразаков жоок берди.

- Заманбап системасынын баары коррупцияны азайтат. Өлкөбүз санариптешүүгө активдүү аракеттенип баштагандан бери бюджет эки эсе көбөйдү. Ушул ыргак менен бара берсек, мамлекеттик казына мындан да толот. Бардык иш ачык-айкын болуп, мамлекеттин экономикасына пайдасын алып келчү жаңычылдыктарга бир гана коррупционерлер, салыктан качкандар каршы болушат. Бул түшүнүктүү эле нерсе да. Бирок каршы болгондон эле маселе чечилип кетпейт, замандын талабын каалайбызбы, каалабайбызбы, эртеби – кечпи кабыл алууга тийишпиз! Азыр каршы болуп жаткандар системанын пайдасына көздөрү жеткенден соң өздөрү рахмат айтышат.