Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.  

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

1) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155);

2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартиби;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору;

4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери;        

5) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган, же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби.

Белгилесек, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.