Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев «Салык кызматы – салык төлөөчүнүн бакубаттуулугу үчүн» Улуттук салык форумуна катышты. Куттуктоо сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан мыйзамдарынын бири болуп саналарын белгиледи. 

«Салыктар – бул биздин цивилизациялуу коомдо жашоо мүмкүнчүлүгү үчүн төлөгөн баабыз», - деди Адылбек Касымалиев жана салык кызматкерлеринин ишинин натыйжасынан мамлекеттик бюджеттин тең салмактуулугу, мамлекеттин жапрандар алдындагы социалдык милдеттенмелеринин аткарылышы көз каранды экендигин кошумчалады.  

Адылбек Касымалиев көмүскө экономиканы кыскартуу жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бизнес үчүн жагымдуу жана адилеттүү шарттарды түзүү боюнча алгылыктуу чараларды көрүү максатында салык кызматы тарабынан экономиканы, анын ичинде салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун бир катар компоненттерин санариптештирүү боюнча мамлекеттик программа алкагындагы төмөнкү ири долбоорлорду жүзөгө ашыруунун үстүндө иш жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи: 

•Электрондук эсеп-фактуралар 
•Товарларды маркалоо 
•ККМ пайдаланууну модернизациялоо 
•Май куюучу станциялардын автоматташтырылган маалыматтык системасы
• «Э-патент» Электрондук сервиси 
•АИС «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык система. 

«Салык төлөөчүлөр эч кандай кыйынчылыксыз, жарандык жоопкерчиликти сезүү менен салыктарды адилеттүү төлөй алышы үчүн биз эң ыңгайлуу, жөнөкөй жана түшүнүктүү салык салуу механизмин түзүшүбүз керек», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.