Буга чейин маалымдалгандай, 1-октябрдан тарта пенсиялардын өлчөмү  көбөйөт. Бул ирет пенсияларга сезилерлик сумма кошуларын өлкө башчысы өзү белгилеп айткан.  Тагыраагы, 1700 сомдон 3400 сомго чейин кошулат деп пенсионерлерди кубанткан.

Өлкөнүн Социалдык фонду пенсиялардын өлчөмү канчага көбөйөрү боюнча маалымат берди. Маалыматта айтылгандай, мурда пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, мындан ары 3170 сом болот, башкача айтканда, пенсиянын камсыздалган бөлүгү 15 %га жогорулайт экен. Мындан улам пенсиянын орточо бөлүгү 8080 сомду түзсө, пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген пенсияларга орточо 1700 сомдон кошулат. Ал эми 10 миң сомго чейинки пенсияларга 2300 сомдон кошулса, 10 миң сомдон жогорку пенсияларга 3400 сомдон кошулары белгилүү болду. Пенсиялардын өлчөмү жогорулагандан кийин мамбюджеттен ай сайын 6 млрд. сомдон ашык каражат  бөлүнө баштаары да маалым болду.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2020-жылы 50 миң 583 адам, 2021-жылы  55 миң 194, 2022-жылдын ушул мезгилине карата 43 миң 557 адам пенсияга чыккан. 2022-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдөгү пенсия алуучулардын саны 733 миң 380 адамды түзгөн. Бул 2020-жылдын 1-июлунан бери пенсионерлер  49 миң 940 адамга көбөйдү  дегенди билдирет.