Мамлекеттик салык кызматынын иши жаман эмес. Салыктарды чогултуудагы пландарды ашыгы менен аткарууда. 2022-жылдын башынан бери салыкчылар мүлктөргө салыкты  2,2 млрд. сомго чогултту.

Салыктар негизинен кыймылсыз мүлктөргө алынган болсо, транспорт каражаттарына алынган салыктардын көлөмү 678,4 млн. сомду түздү. Өткөн жыл менен салыштырып айта турган болсок, 109,7 млн. сомго көп жыйналган.

Турак-жай, батирлер үчүн төлөнгөн  салыктар 97,2 млн. сом болсо, адам жашабаган мүлктөргө салыктар – 692,9 млн., жер тилкелерине, бактарга салыктар – 186,2 млн., элдүү конуштардагы жана айыл чарба эмес багытындагы жерлерге салыктар – 552,8 млн. cом жыйналган.