Түз инвестиция – өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн бирден бир жолу. Өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу, ал үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн ар кандай аракеттер көрүлүп, иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

Инвестициялык климатыбыз менен мактана албасак да, бирок түз инвестициялар келүүдө.

Ушул жылдын январь-июль айларында өлкөбүзгө келген түз инвестициялардын көлөмү 628 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсеге өскөн. Ошол эле мезгилде 480 млн. долларлык инвестиция өлкөдөн чыгып кеткен. Мындай маалыматты Улуттук статком билдирди.

Келген инвестициялардын көпчүлүгү (94 %)  өндүрүш ишканаларына, баалуу металлдарды казууга, каржылык ортомчулукка жана камсыздандырууга, чекене жана дүң соодага, ошондой эле маалымат менен байланышка багытталган.

Келген түз инвестициялардан улам  өндүрүш ишканалары 5,3 эсеге, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 2,8 эсеге, дүң жана чекене соода – 2,5 эсеге, баалуу металлдарды казуу – 18,9 %га көбөйсө, маалымат менен байланыш чөйрөсүндөгү бизнес 14,2 %га төмөндөгөн.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити