Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 млрд 952,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бекитилген план 712,9 млн сомго же 2,3 %га ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 129,2%).