Кыргызстан дүйнөлүк фонд рыногуна чыгууну ниеттенип жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин президент Садыр Жапаров төрагалык кылган жыйынында Акылбек Жапаров билдирди. 

Айтымында, дүйнөлүк рынокко чыккан өлкө экономикалык өсүүгө чечкиндүү кадам таштайт. 

"Эгер бизде 1 миллиард капиталы менен ири компаниялар болсо, аларга эл аралык рынокко чыгуу оңой болот. Бул үчүн үч ири акционердик коомдор - "Кыргызиндустрия", "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдинг жана "Туризмди өнүктүрүү фонду" түзүлдү. 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи начар эмес, бирок 4,1 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Бул ковид пандемиясынын жана геосаясий кырдаалдын кесепети. Дүйнөлүк экономиканын өсүү ыргагы жада калса 0,1 пайызга акырындаса дагы, биздин өлкө сыяктуу чакан мамлекеттерге байкалаарлык болот. Мына ошондуктан, биз күчтүү болушубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.