Мындай көрсөткүчтү Улуттук статистикалык комитети аныктап чыкты. Мекеменин маалыматына таянсак, ушул жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо маянасы 22 миң 84 сомду түзгөн. Бул чакан ишканаларды эске албагандагы көрсөткүч. 

Ошондо, 2021- жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык орточо айлык 16.8%га өстү. Өткөн жылдын январь-апрель айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 909 сом алышкан.