Президент Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" акыркы бир жылдагы каржылык ишмердүүлүгү текшерүүгө алынаарын билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Кумтөрдүн" бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. "Кумтөр" алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет", - деди мамлекет башчы.

Эске салсак, мындан бир жыл мурун, 2021-жылдын 17-майында "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизилген.