25-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти 2022-жылдын январь-март айларындагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Каржы министрлигинин маалыматын укту.

Маалыматты каржы министринин орун басары Мэлс Аттокуров берди. Анын айтымында, 2022-жылдын январь-март айларына алдын ала эсептөө боюнча ИДПнын көлөмү 144 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.

«Республикалык бюджетке 51 млрд 301 млн сом белгиленген план менен иш жүзүндө 52 млрд 985 млн сом жалпы киреше түшүп, план 103,3%га аткарылды. 2022-жылдын январь-март айларында республикалык бюджеттен жалпы чыгашалардын көлөмү 49 млрд 72 млн сомду түздү», — деди Аттокуров.

Талкууда депутат Камила Талиева баяндамачы көрсөткөн профицитке карабай, «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоо баштала электигин сынга алды.

Капиталдык салымдардын объектилеринин тизмеси өз убагында бекитилбегендиктен жана каражаттардын бөлүнүшүнөн улам сапаттуу жумуштарды өз убагында аткарууга мүмкүн болбой жатканын айтты.

Булак: Маралфм