Улуттук банк валюта базарында долларды накталай сатып алуу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк 14,5 миллион доллар сатып алган. Буга чейин 30-мартта банк валюта базарынан 5,4 миллион доллар сатып алган.

Жалпысынан март айында Улуттук банк 19,9 миллион доллар сатып алды.

Кыргызстанда ушул күндөрү АКШ долларынын курсу төмөндөп жатат. 24-февралда Украинага Орусиянын кол салуусунан кийин Кыргызстанда да доллардын курсу кескин көтөрүлгөн. Акыркы аптада кайра төмөндөп жатат.

1-апрель саат 10:00гө карата өлкө банктарында доллардын курсу 79 сомдон башталып, сатуу 81 сомдон болууда.

Улуттук банктын расмий курсу 1-апрелге карата 82 сом 46 тыйын деп белгиленген.


Булак: Маралфм