- Азыр дүйнө эки жээкке бөлүнүп, карама-каршылык абдан курчуп турган кези. Россия менен Украинанын ортосундагы курч кризис көп убакытка созула турган болуп калды. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер тынчтык келишими менен аяктагандан кийин деле бир топ убакытка кырдаал оор бойдон кала берери белгилүү. Америка жана батыш өлкөлөрү Россияга салган санкцияларын дагы курчутпаса, азайбайт. Россия менен биздин өлкө ар тараптуу тыгыз карым-катышта болгондуктан, боордош мамлекеттеги коомдук-саясий, экономикалык кырдаал бизге түздөн-түз таасирин тийгизет. Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2,5 млрд. доллар өлчөмүндөгү соода алакасы бар болчу. Курулуш материалдары негизинен Россиядан келет. Андан да маанилүүсү - нефть-газ жагынан Кыргызстан Россияга түздөн түз көз каранды. Бизде Кытайдан кийин эле Россиянын азык-түлүктөрү көп сатылат. Россияга салынган санкциялардын кесепетинен мигранттардын жөнөткөн акчаларынын азайышы, рублди сомго которгондогу айырма, Россиядан ташылып келинчү товарлардын кымбатташы пандемиядан кийинки каатчылыкка үстөккө-босток болуп, карапайым калкты бир топ жүдөтүп койду. Биздин өлкө үчүн да оор сыноо учурунда бийлик төмөнкүдөй кадамдарды жасашы зарыл:

1. Бийлик колунан келишинче кымбатчылыкты ооздуктоого күч жумшашы зарыл. Антимонополия кызматы мына ушундай учурларда ишин жандантпаса болбойт. Көптөгөн азык-түлүк прдукциялары негизсиз кымбаттап кеткен учурлар бар. Бизде суу майдын баасы 2-3 эсе көтөрүлгөн учурда Россиянын өзүндө анын баасы төмөн экендигин көрүп аттык. Эмне себептен кымбаттап аткандыгын өкмөт өкүлдөрү элге негиздеп, түшүндүрүп бере алышкан жок. Өкмөт бааларды негизсиз көтөрүп жиберип, ортодон пайдага туйтунгандарды ооздуктай албай, калың элдин нааразычылыктарын пайда кылган учурлар аз эмес.

2. Бийлик өкүлдөрү Россия менен Украинанын ортосундагы кризис тууралуу билдирүүлөрдү жасаган учурда өтө этият болушу зарыл. Ачык билдирүүлөрдө коомчулуктун психологиялык чыңалуусуна алып барбай тургандай позицияны карманганы туура. Азыр биздин коомчулук так экиге бөлүнүп бир тарап Россиянын, экинчи тарап Украиннаны позициясын колдоп, соцтармактарда, ич ара эки адамдын башы бириккен жерде катуу талкуу болуп, бири-бирин ачык эле күнөөлөп, элдин арасында психоэмоционалдык курч маанай байкалат.

Булак: “Майдан. kg” гезити