Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук абалдын Кыргызстанга тийгизчү таасирлери, анын кесепеттери, алдыда күтүлчү жагдайлар тууралуу ар кандай пикирлер айтылып, божомолдор жасалууда.

Мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгуттиев аймактагы абал мамлекетибиздин экономикасына терс кесепетин тийгизгени менен ошол эле кезде экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү да бере турганын айтты. Анын белгилөөсүндө, Батыштын санкцияларынан улам россиялык товарлардын баалары төмөндөйт. Россиядан качкан ишкерлердин бир тобу Кыргызстанга да келишип, өз иштерин кыла башташат. Россия менен Кыргызстандын ортосунда транспорттук логистика жакшы жолго салынгандыктан, башка жакка кеткен ишкерлер да Кыргызстан аркылуу иш жүргүзүүнү туура көрүшөт. Мындай жагдайда Россиядан Кытайга жиберилчү товарлар да Кыргызстан аркылуу ташыла башташына жол ачылат.

Экономисттин айтымында, санкциядан улам Россияда жумуш орундары кыскарып, бул мигранттардын мекенине которчу каражаттарынын азайышын шарттайт. Кыргызстан бул кенемтени экспорттун көлөмүн көбөйтүү аркылуу толтурууга аракет кылышы зарыл.

Мындан сырткары, Ж. Байгуттиев азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички өндүрүштүн эсебинен материалдык резервди түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. Кумшекердин маселесин чечүү оорчулук жаратпайт, бирок Министрлер кабинети буудайдын запасын камсыз кылууга олуттуу мамиле жасоого милдеттүү экенин эскертти.

Булак: “Майдан. kg” гезити