- Сейдалы агай, акчаны алтын менен сактоо пайдалуубу же валюта менен сактообу?

- Акчаны алтын менен сактаса да, валюта менен сактаса да болот. Негизи сактоонун бардык түрү жакшы. Болгону кана акча деген маселе бар. Алтын куймаларынын баасы миллион сомдон  жогору экен. Чындап бул маселеге кайрылсак,  тактап коё турган эки аспект бар.

Биринчиси, акчасы барлар акчасын  бизнеске салат же товар түрүндө, кыймылсыз мүлк менен сакташат. Тагыраагы, ар кандай бизнестин башка сфераларында кармашат.  Доллар көтөрүлсө, күйгөндөр ким? Баягы эле, 500 доллардын айланасында акчасы барлар  күйөт.  Кичине акчасын сактап калам деп, чуркап барып доллар сатып алышат. Байлар болсо  долларды  эбак эле алып коюшат. Алар курс кымбаттаганда  сатат. Тескерисинче пайда көрөт. 

Акчаны алтын менен сактоонун талаштуу экинчи аспектиси тууралуу да сөз кылалы. Акча эл чарбасында оборот болуп турушу да керек. Анткени,  жалпы коомдук байлык болот. Общественное богатство деп аталат. Ал акчага алтын алып коюшса, ал жөн эле жатат. Акча айланып турса, коомго пайда болот.

Ушул жерден сомдун курсу түшкөнү боюнча бир ооз сөз айта кетейин. Сомдун курсу түшүп, депозиттерди кыйратты. Чынында депозитти кимдер  кармайт? Айланып келип эле калктын жарды катмары жана пенсионерлер кармайт. Алар негизинен калктын аялуу катмары. Кичине процент өндүрөлү деген максат менен акчаларын банктарга депозитке салышат. Алар кичине акчасын инфляциядан сактап калсам дешет. Бирок алар доллар курсу менен салган акчаларынын  кунун ала алышпайт. Компенсация талап кылышы мүмкүн.  Талап кылышпаса да зыяны чоң. Анткени, эл сом депозитинен баш тартып кетиши толук ыктымал. Кыскасы, депозитке акча салгандар пайда эмес, зыянга учурашты.  Эми банкка депозитке акча салгандар азаят. Анткени, акча салып, жарымын алсаңыз жакшыбы деген маселе жаралат.  Баса, былтыр декабрда, быйыл январда Түркияда дагы ушундай  окуя болду.

- Түркия ал абалды  кантип жолго салды?

- Эрдоган “улуттук валюта менен депозит кармагандардын баарына курс айырмасын компенсация кылып беребиз”- деди. Жөнөкөй мисал. Бирок, социалдык мамлекет деген ушундай болот. 

- Айыл чарбага өзгөчө көңүл бурулганы  абалды жакшырта алабы?

- Айыл чарбасына, анын ичинде ирригация тармагына бюджеттен көбүрөөк акча бөлүнүптүр. Бул жакшы. Бирок бөлүнгөн каражат көп сумма көрүнгөнү менен, бүт Кыргызстанга чаптап келсең, тыйын эле болуп калат. Бул бир жагы. Экинчи жагы мамлекет мындан ашык да бөлө албайт. Дайымкыдай эле бюджет таңкыстыгы жолтоо болот. Үчүнчүсү жана  негизгиси баягы эле бюджет. Болгону, сандар гана абсолюттук деңгээлде өстү. Салыштырмалуу караганда болжол менен мурунку эле бюджеттин көлөмү десек болот.

Негизи айыл чарбага каражат бөлүнгөнү менен башка сфераларда  каржылоо  азайды. Кыргыз бийлигинин айыл чарбасын приоритет көргөнү аргасыз кадам. Себеби, бизде болуп көрбөгөндөй инфляция болуп жатат.  Айыл чарба продукцияларын импорт кылуу өтө кымбат.

- Россияга салынган санкциялардын кесепетин тартабызбы?

- Россияга салынган санкциялардын кесепетин сөзсүз түрдө тартабыз. Ал санкциялар Кыргызстанга түздөн-түз таасир берет. Бирок, ал түшүнүү менен коштолот. Анткени, экономикадагы, коомдогу кандайдыр бир өзгөрүүлөр бир канча убактан кийин гана билине баштайт. Ошол эле учурда бул шанс. Айтайын дегеним,  кризистен өнүп өсүп кетсек болот. Жеңил өнөр жай тармагы, айыл чарба, туризм, логистикалык борборлор жана башка  тармактарда Кыргызстандын чоң артыкчылыктары  бар... Айтылган көлөмдү өндүрүп берүүдөн  кыйналышыбыз мүмкүн, бирок жолун тапсак болот.

- Кыргызстан кризисте эле жашап келе жатат. Качан чыгабыз?

- Менимче постсоветтик жылдардан бери эле Кыргызстандан  кризис кете элек.  Кээ бир жылдары гана өсүш эмес, стабилизация болгон. Кризисти жок дегенде ушул деңгээлде токтотуп калыш керек.  Мына бир нече күн ичинде эле доллар 13 сом 50 тыйынга өстү. Доллар кредити барлар сомго которуп бергиле деп чыгышты. Бул деле аларга эч кандай жеңилдик алып келбейт. Анткени, которсо азыркы курс менен которушат. 

- Кредитти мүмкүн сом менен алса күйүшмөк эместир?

- Сом менен кредит алса болот.  Бирок сом менен алган кредиттин пайызы кымбат болот. 

- Кризистен чыга алабызбы эми?

- Менимче, Кыргызстан  бул кризистен башкаларга салыштырмалуу тезирээк чыгат. Анткени, постсоветтик КР экономикасы эмнелерди көргөн эмес. Экономика толук менчик сектордо. Калкыбыз  мобилдүү. Эң негизгиси мамлекетке ишенип отура беришпейт. Кыйынчылык баарыбызга келет. Бирок, бюджеттегилерге анан  пенсионерлерге өтө оор болот. Бийлик быйыл  ошолор менен алек болот го.

- Баса, ысырапкорчулукту азайтуу үчүн кара мал сойгондорго айып салынат деген маселе көтөрүп жатышат. Бул демилге жана жарлык иштейби?

- Менимче, бул жарыбаган эле кеп. Кыргыз элинин  салтын мыйзам менен жок кылып жиберүү кыйын. Бирок болот. Совет өкмөтү келгенде тосмону жок кылып, кыздар менен балдарды чогуу окутуп койгон. Биздин маселеде башка аспектисин карашыбыз керек. Дүйнөлүк экономикада, акыркы жүз жылда, эң башкысы бул керектөөлөр деп айтылат. Өлбөгөн ким бар. Шаардыктар өлсө, малды сатып алышат. Кыскасы, күчкө салып тыйышканы менен мал багып, аны сатып, андан пайда таап, үй бүлөсүн баккан  дагы катмар бар. Ошондой эле той-топурга жана башка маселелерге керектелген азык-түлүктөрдү сатып, үй бүлөсүн багып, миграциядан сакталып калган адамдар бар. Бул керектөөлөрдүн көп болгонунун жакшы жагы.