Тилекке каршы, өлкөбүздүн экономикасы доллар менен рублге түздөн түз көз каранды экенине  дагы бир жолу күбө болуп жатабыз. Россия-Украина кырдаалынан  доллардын сомго карата курсу кескин жогоруласа, анын кесепетинен  дээрлик бардык азык-түлүктөргө болгон баалар кымбаттады. Россия-Украина кырдаалынын улануусу улуттук экономикалык абалыбызга, элибиздин турмушуна дагы кандай зыяндарды алып келет, аны бир Кудай билет.

Доллардын кымбаттоосу мамлекетибиздин карызын дагы көбөйттү. Дегенибиз, сом менен жашасак да сырттан карыздарды доллар менен алабыз. АКШнын акчасынын куну өскөндүктөн карыздарга берчү каражаттын өлчөмү дагы көбөйдү. Доллар менен алганда, карыздын суммасы 2021-жылдын аягындагыдай 4 млрд. 294,57 млн. доллар эле. Бирок сом менен эсептей келгенде, тышкы карыздын суммасы 393,7 млрд. сом болуп калды. Бул сумма өткөн жылдын аягында 364 млрд. сом эле. Бул албетте, тышкы карыздарды жабууда өлкө казынасына оорчулуктарды  жаратып, кошумча финансы булактарын издеттирбей койбойт.

Булак: “Майдан. kg” гезити