Калыстык үчүн айталы, өлкөбүздүн Салык кызматы салыктык жыйнамдарды чогултууда белгиленген планды ашыгы менен аткарып, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылуусуна зор салымдарын кошушууда.

Ушул жылдын 2 айында 26,1 млрд. 85,1 млн. сом салык жыйналганын билдирди. Бул план 3,9 %га ашыкча аткарылган, же 987,3 млн. сомго көп жыйналды дегенди билдирет. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып айтсак, 11 млрд. 890,5 млн. сомго көп жыйналып, өсүш темпи 83,8 %ды түзгөн.

Февраль айы боюнча айта турган болсок, 15 млрд. 758,9 млн. сом салык жыйналып, план 2,4 %га ашыкча аткарылган. 2021-жылдын февралына салыштырганда 8 млрд. 120,3 млн. сомго көп.

Салыкчылардын минтип планды ашыгы менен аткарып жаткандыктары кубандырат. Мындай темп жыл аягына чейин сакталышы өтө маанилүү. Анткени, геосаясий кырдаал улуттук экономиканын  абалын алсыздандырып, инфляциянын өсүшүн шарттап, экономикалык өсүштөрдүн темпин жайлатары  айтпаса да түшүнүктүү.