Тилекке каршы, алдыдагы божомол ушундай. Акча тынчтыкты сүйөт дегендей, согуштук кырдаал сөзсүз экономикага өз кесепетин тийгизбей койбойт экен. Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук тирешүү чет жердеги мигранттарга терс таасирин тийгизет окшоп калды. Рублдин куну кеткендиктен Россиядагы эмгек мигранттарынын тапкандары азайып, андан улам мигранттардын 2022-жылдагы которууларынын өлчөмү 33 пайызга азаярын Дүйнөлүк Банктын аналитикалык баяндамасында айтылды.

Борбордук Азиядагы өлкөлөр Россиядан которулчу каражаттарга көптөн көп көз каранды. Алсак, Кыргызстанга 2021-жылы сырттан которулган жалпы каражаттын  83 пайызы Россияда иштеп жүрүшкөн мигранттардын үлүшүнө туура келген. Ал эми Азербайжанга, Арменияга, Тажикстанга  жана Өзбекстанга которуулардын  50 пайызы Россиядан болгон.

Өлкөбүздөгү жүз миңдеген үй-бүлөлөр мигранттардан келген каражаттар менен тирилик өткөрүп, жашоо деңгээлдерин сактап  аткандарын  эске алсак, бул албетте, өкүнүчтүү. Согуштук кырдаал маалында мекендештерибиздин тапкандары азая түшсө да, эң башкысы, жумуш орундары сакталып, иштеп турушсун дейли. Согуштук кырдаал токтосо, абал акырындап ордуна келер.