SWIFT - бул  дүйнө жүзүндөгү финансисттер төлөм тапшырмаларын, келишимдерди, тастыктоолорду жана башка каржылык документтерди алмашуучу мессенжер. Бул төлөм системасы эмес, бирок бул бардык өлкөлөрдө каржылык жана каржылык эмес уюмдардын ортосундагы акча жана башка баалуулуктарды которуу боюнча буйруктарды жиберүү үчүн негизги жана жалгыз универсалдуу канал. Кээ бир өлкөлөрдө банктардын ортосунда өздөрүнүн ички байланыш системалары бар, бирок ал жерде да көптөр SWIFT колдонууну артык көрүшөт, анткени бул ыңгайлуу жана чет өлкөлүк валютадагы төлөмдөр боюнча бардык буйрутмалар баары бир ушул система аркылуу жөнөтүлөт.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россиянын айрым банктары SWIFT системасынан өчүрүлдү. Мындан улам Кыргызстандын Улуттук банкы атайын билдирүү таратты.

Маалыматта Кыргызстандагы коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылганы айтылат. Мындан улам Орусиянын айрым банктары SWIFT системасынан өчүрүлсө, жергиликтүү банк кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Мындан тышкары Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ.

“Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарынын толук түрүн көрсөтүшүүдө. Кыргызстан банктары тарабынан алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, мындай келишимдер Кыргызстандын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет”, -деп билдирди башкы банк.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, эл аралык резерв көлөмү жетиштүү жана товарлар, кызмат көрсөтүүлөр боюнча алдыдагы алты айлык көлөмдүн ордун жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата абал боюнча мекеменин эл аралык резерв көлөмү 2 768 млн. долларды түзгөн. Демек, өлкөбүздүн валюта рыногу жок дегенде жарым жылга тышкы таасирге туруштук бере алат.

Булак: “Майдан. kg” гезити