Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасына жазган постунда Кыргызстандын көз карандысыздыктан бери алган насыя акчаларынын жалпы суммасы 5 миллиард долларга жеткенин, аларды үстөктөрүнө кошо төлөөнүн эң оор учуру ал президент болуп турган мезгилге туш келип жатканын билдирди. Же 2026-жылга чейин Кыргызстан тышкы карыздарды тейлөө үчүн жылыга 350 миллион доллардан төлөп турат экен.

Биринчи качкын президенттин убагында Кыргызстандын бюджети 500 миллион долларды түзгөнүн, азыр бюджетибиз 2 миллиард доллардан бир аз ашарын эске алганда бул аябагандай эле чоң сумма экендиги айкын болот. Президенттин айтымында, эгерде ал акчалар маяналарды көтөрүүгө жумшалса, ар мамлекеттик кызматкер бери дегенде айына 1 миң доллардан кем эмес эмгек акы алмак.

Республикабыз көз карандысыздыктан берки отуз жылдан ашык убакыттын ичинде жалпысынан 23 миллиард долларга жакын каражат тартты. Алардын ичинде гранттар да, насыялар да бар. Эгерде алардын баары натыйжалуу пайдаланылса, экономикалык, социалдык абалыбыз азыркыдан кыйла жакшы болмок. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү уурдалды, максатсыз жумшалды. Төрт жүз миллион долларга жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгыларын куруп, Борбордук Азиянын энергетикалык шакекчесинен чыгып, өз алдынча көз карандысыз болдук дедик эле, “оорууну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей, январдагы авария ал шакекчеден чыга электигибизди ашкерелеп койду. “Эгерде ал шакекчеден чыкпай турган болсок, карызды көбөйтүп, Датка-Кеминди куруунун кандай кажети бар эле?”- деген суроо өзүнөн өзү жаралат.

1 миллиардга жакын долларлык карызга Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу курулууда. Ал жолду салгандан көрө Бишкек-Ош жолун оңдоп, түзөп, айрым жерлерине кошумча туннелдерди курган кыйла арзанга түшмөк. Мейли, ал жол курулуп бүтсүн, бирок ал Бишкек-Ош, Ош-Бишкек маршруттарындагы автоунааларды азайтабы? Анткени, айрымдар ал жергиликтүү маанилердеги гана жол болот, Бишкек-Ош багытындагы автоунаалар азайбайт деген болжолдорду айтышууда. Эгерде ал чын болсо, көптөгөн туннелдерди куруп, 1 миллиард долларга жаңы жол салбастан жергиликтүү жолдорду эле оңдоп, түздөп койсо болбойт беле?

Бишкек жылуулук борборун сырткы карыздардын эсебинен модернизациялоодо 110 миллион доллар уурдалды. Алардын бир бөлүгү деле кайтарыла элек. Кайтара тургандардын бири түрмөдө сайрап отурат, калгандарынын көбү ар жактарда качып жүрүшөт.

Бизде ар жаңы келген мамлекет башчысы сырткы карызды көбөйткөнү үчүн мурдагы коллегасын сындайт да, өзү андан бешбетер көбөйтүп кетиши салт болуп калды. Эгерде ири тоо кендери иштетилип, бюджетке ири көлөмдөрдөгү салыктар, чегерүүлөр түшө баштаса, сырткы карыздарды тейлөө жеңилдемек, бирок ири темир, көмүр кендери иштетилбей жатат.

1-апрелден тартып эмгек акылар, пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйтүлө турганы былтыркы күздөн бери айтылып келатат. Бирок, ал канча пайыздан болот? Жок дегенде  инфляцияны жаба алабы? Инфляцияны жаппаса, аны көбөйтүлдү деп айтканга деле болбойт. Ал эми пенсияларчы? Базалык ставка боюнча көбөйтүлөбү же...

Иши кылып бир сөз менен айтканда, суроолор, күдүктөр көп. Мындан ары көздү жумуп, кийинкилер эмне болсо, ошол болсун, баары бир мен төлөбөйм, мага салмактуу “шапкеси” тийгени эсеп деген принциптер токтотулса экен. Болбосо сырткы карыздарыбыздын көлөмү ИДЖга  жеткени калды. Садыр Жапаровго эмне дейбиз? В.Путин “Терпи красавица моя, нравиться или не нравиться” дегендей, чыдагандан башка арга жок.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити