- Акан Эрикович, кымбатчылык эмнеге тизгинделбей жатат? 

- Кымбатчылыктын тизгинделбей жатышынын эң негизги себеби эң зарыл азык-түлүктөр менен өзүбүздү камсыз кыла албаганыбызда. Тамак-аштын тогуз позициянын үчөөнөн гана өзүбүздүн керектөөбүздү жаба алат экенбиз. Мындан 10-15 жыл мурда буудай дагы жетиштүү эгилчү, 5 жыл мурда кумшекерди да көп өндүрчүбүз. Бир ууч топтун кызыкчылыгынан улам бул багыттар артка кетти. Жумуртка, суу май, кайра иштетүү  тармактарына жана дыйкандарга өкмөт тараптан мурдатан көңүл бурулбай, жеңилдетилген насыялар бул багыттарга эмес, көпөстөрдүн бизнесине жумшалган. Ошол катачылыктардын кесепетинен азыр кымбатчылыкты тизгиндөө мүмкүн болбой жатат.

- Дүйнөлүк тенденция деп эле кол куушуруп отура беришибиз керекпи же токтотуунун аракет көрүшүбүз  керекпи?      

- Керектөөбүздүн 60-70% импортко көз каранды экени айдан ачык. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде аракет көрүлүп, сүйлөшүүлөр аркылуу эң зарыл азыктар, керек болсо дыйкандар үчүн жер семирткичтер дагы арзан алынып келиниши керек. Буга өкмөт киришпесе жеке ишкерлер бааны кармап тура алышпайт. Себеби алар бизнестин өкүлдөрү. Ошондуктан аткаруу бийлиги жоопкерчиликти сезип, элинин кызыкчылыгы үчүн баардык аракетти көрүшү керек.

- Эгин эксек эле тамак аш-коопсуздугун алдын алабызбы? Же тамак-аш коопсуздугунун алдын алуунун башка жолдору барбы?

- Баардык иш-аракеттер системдик түрдө жүрүшү зарыл. Буудай эгүү менен эле проблеманы чечүү мүмкүн эмес. Бир жылдары өкмөт “картошка тиккиле, сатып алчулар бар” дегенинен баары эгишти эле, аягында чирип, дыйкандар банкрот болушкан. Анын сыңарындай ар бир тармакты жолго коюу абзел. Ошол эле эт, сүт, жумуртка, шекер, суу май өндүрүүнү өкмөт колдоого алса, тамак-аш коопсуздугунун алдын алууда бир тепкич болсо да алга жылабыз. Буга чейинки тарыхыбызда ички өндүрүштү унутуп, импортко басым жасай берип азыркы акыбалыбыз ушундай болду. Демек сабак алчу жагдайлар көп болгон.

- Айдоо жерлерин көбөйттүк, быйыл былтыркыдан көп эгин эгебиз дегенибиз менен анын баарын сугат суу менен камсыздай алабызбы?

- Сугат суу системасы отуз жылда талкаланып бүттү. “Быйыл 1 млрд сом бөлүндү”- деп өкмөт жар салууда. Мисалы менин пикиримде, өлкөбүздөгү 452 айыл өкмөттүн 400нө ошол акчадан 2 млн сомдон бөлүнсө далай алгылыктуу иштер жасалмак. Себеби айыл жергесинде көзөмөл жүргүзүү оңой. Дыйкандар жана жергиликтүү депутаттар көзөмөлдөшмөк. Азыр болсо бул каражат даректүү түрдө каналдарды оңдоого жумшалып атыптыр. Жыйынтыгы дыйкандарга сезилерлик болушу керек.

Сугат системасы дагы жаңы тепкичке көтөрүлүшү зарыл. Себеби тамчылатып сугарууну өздөштүрсөк, кеминде миллион гектар жерибизди жашылдандырып, элге да жумуш ордун түзүп берсек болот болчу.

- Кыргызстан өнүгүү жолуна багыт алдыбы?

- Туура мыйзамдар кабыл алынып, ачык-айкындуулука жетүүбүз керек. Санариптештирүү ишке ашып соттор көз карандысыз саясат жүргүзө баштаганда өнүгүү жолуна багыт алабыз го деп ойлойм. Учурда өнүгүү болуп атса ал кайсы бир тармактардагы жетишкендик болушу мүмкүн. Өкмөт быйылкы жылга чоң максаттарды коюп жатат, ошол эле маалды кымбатчылык дагы өз кедергисин тийгизүүдө. Көмүскө экономика, системдик коррупцияны жок кылуу менен санариптик технологияга өтсөк өнүгүүгө багыт алуунун жолу болмок.

- Коррупция менен күрөш жүрүп жатабы же солгундап калдыбы?

- Биз “кустуризация” аркылуу коррупцияны жок кылышыбыз мүмкүн экенин түшүнсөк керек. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөш - кесепети менен эмес, тамырын кыркуу аркылуу жүрүшү зарыл. Учурдагы биздин мыйзамдар жашоочуларды керек болсо жемкорлукка мажбурлап, аралашууга аргасыз кылат. Аткаруучулардын жоопкерчилиги жок. Алар эртең эч нерсе үчүн жооп беришпейт. Керек болсо ошол иштеген орундарынан көтөрүлөт. Демек мындай терс көрүнүштөргө каршы атайын кадамдар жасалып коррупцияга каршы күрөш түп тамырынан жүрүшү керек.

Күрөштүн элементтери бар. Мисаалы ККМ ишке ашса ал дагы алдыга бир кадам болот. Бажы тармагы, мамлекеттик сатып алуу да ушундай жолго түшүшү керек. Жасалып аткандан жасала турган турган иштер көп. Коррупция бала бакчадан башталгандай эле, дыйкандар үчүн бул илдет сугат суудан башталып, соцфонд сыяктуу көйгөйлөр менен бүтүүдө. Ал эми жөнөкөй айылдын жашоочулары үчүн кызыл китеп алуу чоң акчаны талап кылууда. Демек жасала турган иштердин чети да оюла элек.

- Кырданган тажик, талиб, Батыш, АКШ, славяндар тиреше баштады! Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдор ынтымакка келсе болобу?

- 30 жылдан бири-бирибизди аңдып, буттан тартып, үч жолу бийликти алмаштырып бирок азыр дагы жыргап кеткен жерибиз жок. Уруш-талашта элибиз биригип, бир муштум болуп, күнүмдүк жашоого келгенде бөлүнүп жарылып калып атабыз.

Тубаса реформатор жол башчыга да жарыган жокпуз. Ошондуктан бизде кандай жол бар? Коомубуз күчтүү болуп, өлкө башчыларына талап койгонду, туура эмес иштер болуп атса ачык айтканды билишибиз керек. Өнүккөн илим билим, техника технологиясына басым жасашыбыз керек. Бизге бир ууч топко кызмат кылган эмес, элге керектүү мыйзамдар зарыл. Чоң саясатчылардын оппозиция, позиция болгону да коомго керек. Себеби кемчиликтерди айтып турган да адамдар болушу зарыл. Ошол эле маалда саясатчылардын акылга келүүсү ар дайым өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн гана болушу керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити