Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттик жыйында коммерциялык банктар карапайым элге берген насыяларынын үстөк пайызын азайтууну сунуштады. Депутаттын айтымында, учурда айрым банктар 35 пайыздан үстөк пайыз менен насыя берет. Бул эл үчүн кыйынчылыкты жаратууда. “Дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя бар. Үстөк пайызын азайтуу менен чакан жана орто бизнеске, карапайым элге пайда келтирген болобуз. Келерки жыйындарда ушул маселени карайлы, Улуттук банктын өкүлдөрүн чакыралы, мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, жолун таап 15 пайыздан ашырбоону колго алалы”, - деп сунуштады депутат. Ал белгилегендей, коммерциялык банктар Улуттук банктан 2 пайыз менен алышат, бирок элге бергенде кымбаттатышат. Бул демилгени кантип ишке ашыруу керек? Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов жооп берет.

- Биздеги насыялардын үстөк пайыздары чындыгында өтө кымбат. Акылга сыйбаган пайыздарды коюп алышкан. Ал  - бизде каржы-насыя саясатын көп жылдан бери эч ким түзүп, тескебегенин билдирет. Калкка пайдасы тие турган системага келтирилген эмес. Мисалы үчүн, алыска барбай жакынды алганда, Украина, Казакстан, Россияда бир да банктын насыясынын үстөк пайызы 10дон жогору эмес. Кээ бир чакан банктар насыяларынын пайызын 2-3кө чейин түшүрүшкөн. Чындап өнүккөн өлкөлөрдүн пайыздарына келсек, эң көп пайыз Америкада – 2,5 пайыз. Улуу Британияда 0,75, Канадада – 1,7 пайыз. Эң аз пайыз Швейцария, Швеция, Японияда – 0,25, ал жакта тескери көрсөткүч менен насыя берилет. Мисалы, сиз алган насыяңызга 0,75, 0,25 же 0,1 пайыз менен үстөк акча кошуп берет. Бул бизге жомок сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бул мамлекеттер элге колдоо берип, ишкерчиликти өнүктүрүүгө кызыкдар, ошондуктан, ушундай кадамга барышат. Кытайда болсо насыя 4,5 пайыз менен берилет. Дүйнөдө биз сыяктуу өнүкпөгөн мамлекеттерде гана насыянын пайызы көп. Мисалы, Египетте 14 пайыз, Мексикада 8, Бразилияла 6 пайыз. Биз буларды да басып өтүп, 35 пайызга жетип отурабыз. Бул деген каракчылык. Таламандын так түшүндө дыйкандарды, ишкерлерди тоноо, тапкан пайдасын толугу менен соруп алуу, банктардын ач көздүгү. Пандемиядан кийинки оор шартта да ушунча пайызды кармап, өз элибизге насыя берип отурабыз. Бул элге жардам берүү ой максаттын жоктугунан кабар берет. Улуттук банк олуттуу реформаларды жасап, 1-2 пайыздан ашпаган үстөк менен каражат тартып, ишкерлерге, элге 3-4, ашып кетсе 5-6 пайыз менен насыя бериши керек эле. Ошондо пайданы үстөк пайыздан эмес, кирешеден, салыктан алмакпыз. Үстөк пайызды көбөйтүү Кудайга да, динге да жакпайт. Бул боюнча мыйзамды тийиштүү кызматтар карап, депутаттын демилгесин колго албаса, ансыз да кыйналып турган элди биротоло жакырлантып таштайбыз.

Булак:  “Майдан. kg” гезити