Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттик жыйында коммерциялык банктар карапайым элге берген насыяларынын үстөк пайызын азайтууну сунуштады. Депутаттын айтымында, учурда айрым банктар 35 пайыздан үстөк пайыз менен насыя берет. Бул эл үчүн кыйынчылыкты жаратууда. “Дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя бар. Үстөк пайызын азайтуу менен чакан жана орто бизнеске, карапайым элге пайда келтирген болобуз. Келерки жыйындарда ушул маселени карайлы, Улуттук банктын өкүлдөрүн чакыралы, мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, жолун таап 15 пайыздан ашырбоону колго алалы”, - деп сунуштады депутат. Ал белгилегендей, коммерциялык банктар Улуттук банктан 2 пайыз менен алышат, бирок элге бергенде кымбаттатышат. Бул демилгени кантип ишке ашыруу керек? Бакыт Калпаев жооп берет.

- Айыл чарбасына жыл сайын 5 миллиард сом акча бөлүнүп жатканы менен ал чыныгы айыл чарбасы менен алек болгон адамдардын колуна тийбей, баягы эле олигарх, элдин канын ичкен тааныш -билиши бар адамдар алып жатат. Жыл сайын мамлекет айыл чарбасына жеңилдетилген кредит беребиз деп, мисалы, 5 миллиард сом бөлүнсө ошонун 10 пайызын мамлекет субсидия кылып банктарга берет. Бул деген жыл сайын элге жетпеген насыянын эсебинен мамлекет 500 миллион сом жоготуп жатат дегенди билдирет. Ошол эле учурда, бул бөлүнгөн акчанын элге эч кандай пайдасы тийбей келет. Анткени, банктар аркылуу берилет жана банктан жөнөкөй айыл чарбасы менен алек болгон адам 10 пайыз менен насыя ала албайт. Банктар мамлекет субсидия кылган акчаны алып, өзү каалаган 18-20 пайыз менен берип  жаткандыгы чындык. Айыл чарбасына насыяны эч кандай пайызы жок бергенге мүмкүнчүлүк бар. Пайызсыз насыяны мамлекет банк аркылуу эмес, мамлекеттик  фонд аркылуу ишке ашырганда эч кандай пайызы жок насыя менен элибиз камсыз болмок.

Булак:  “Майдан. kg” гезити