Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттик жыйында коммерциялык банктар карапайым элге берген насыяларынын үстөк пайызын азайтууну сунуштады. Депутаттын айтымында, учурда айрым банктар 35 пайыздан үстөк пайыз менен насыя берет. Бул эл үчүн кыйынчылыкты жаратууда. “Дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя бар. Үстөк пайызын азайтуу менен чакан жана орто бизнеске, карапайым элге пайда келтирген болобуз. Келерки жыйындарда ушул маселени карайлы, Улуттук банктын өкүлдөрүн чакыралы, мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, жолун таап 15 пайыздан ашырбоону колго алалы”, - деп сунуштады депутат. Ал белгилегендей, коммерциялык банктар Улуттук банктан 2 пайыз менен алышат, бирок элге бергенде кымбаттатышат. Бул демилгени кантип ишке ашыруу керек? Экс-депутат Жылдыз Жолдошова жооп берет.

- Коммерциялык банктардын чынында үстөк пайызы көп. 15 пайыз да көп болуп калат, жок дегенде 10 пайызга түшүрүп коюшса, жакшы болмок. Учурда өкмөт “Айыл банк”, РСК банкы аркылуу 6 пайыз менен фермерлерге насыя берип жатпайбы, аны 5 пайызга түшүрсө туура болот эле. Негизгиси, үстөк пайыздарды азайтуу демилгеси көтөрүлгөнү жакшы болду.

Коммерциялык банктарды мамлекет көзөмөлгө ала алат. Анткени, алардын баары Улуттук банкка карайт, ошол жактан лицензия алышат. Мамлекеттик же коммерциялык банк болобу, Кыргызстан деген өлкө бирөө, ошол өлкөдө жашаган элге кызмат кылышат. Ошондуктан, Улуттук банкта бул маселени жөнгө салууда рычаг бар. Чынында, эл учурда абдан кыйналып турат, сөзсүз түрдө насыялардын үстөк пайызы азайтылышы керек.

 

Булак:  “Майдан. kg” гезити