Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттик жыйында коммерциялык банктар карапайым элге берген насыяларынын үстөк пайызын азайтууну сунуштады. Депутаттын айтымында, учурда айрым банктар 35 пайыздан үстөк пайыз менен насыя берет. Бул эл үчүн кыйынчылыкты жаратууда. “Дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя бар. Үстөк пайызын азайтуу менен чакан жана орто бизнеске, карапайым элге пайда келтирген болобуз. Келерки жыйындарда ушул маселени карайлы, Улуттук банктын өкүлдөрүн чакыралы, мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, жолун таап 15 пайыздан ашырбоону колго алалы”, - деп сунуштады депутат. Ал белгилегендей, коммерциялык банктар Улуттук банктан 2 пайыз менен алышат, бирок элге бергенде кымбаттатышат. Бул демилгени кантип ишке ашыруу керек? Турсунбай Бакир уулу жооп берет.

- Биринчи кезекте ислам принциптеринде толук иштеген исламий банктарга жолду ачуу абзел! А Шаирбек иним айтып жаткан нерсе ал салттуу банктарга тиешелүү. Андай банктарга 15 пайыз эмес, 5-7 пайыз менен эле сүткорлукту чектеп койсо болот. Бирок кайра эле калктын 87 пайызын түзгөн мусулмандарды ойлосок, анда пайызсыз кредиттерди бере турган исламий банктардын ачылуусуна мамлекет шарт түзүп берүүгө камданыш керек.

 

Булак:  “Майдан. kg” гезити