Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттик жыйында коммерциялык банктар карапайым элге берген насыяларынын үстөк пайызын азайтууну сунуштады. Депутаттын айтымында, учурда айрым банктар 35 пайыздан үстөк пайыз менен насыя берет. Бул эл үчүн кыйынчылыкты жаратууда. “Дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя бар. Үстөк пайызын азайтуу менен чакан жана орто бизнеске, карапайым элге пайда келтирген болобуз. Келерки жыйындарда ушул маселени карайлы, Улуттук банктын өкүлдөрүн чакыралы, мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, жолун таап 15 пайыздан ашырбоону колго алалы”, - деп сунуштады депутат. Ал белгилегендей, коммерциялык банктар Улуттук банктан 2 пайыз менен алышат, бирок элге бергенде кымбаттатышат. Бул демилгени кантип ишке ашыруу керек? Эксперттер жооп берет.

- Коммерциялык банктар берген насыялардын пайызын төмөндөтүү административдик ыкмалар менен мүмкүн эмес. Ал үчүн бизге стабилдүү акча системасы жана валюталык режим керек. Эгерде биз биринчи ошондой туруктуу каржы системасын орнотуп алсак, анда сомдун пайыздык ставкалары доллар, евронукундай болуп ылдый түшөт. Биринчи кезекте, валюталык режимди реформалоо зарыл. Азыр дүйнөдө белгиленген режим бар, мисалы, сом менен долларды бир курска байлап коет. Ошого өтсөк, анда пайыздык ставкалар автоматтык түрдө ылдый түшөт. Ушул жагдайды да эске алышса дейт элем.

Кыргызстанда сүткорлукту чектөө боюнча мыйзам бар. Ага ылайык, рыноктогу орто пайыздык ченге 15 пункт кошулат. Мисалы, 20 болсо, Улуттук банк эсептеп чыгып, орточо пайызды, 15 пайызды кошот. Өйдөңкү чек 35 пайыз болот. Андан өйдөңкү пайыздарды мамлекет тааныбайт. Мына, ушул мыйзамга өзгөртүү киргизсе болот.

Булак:  “Майдан. kg” гезити