Агрардык өлкө экенибизге карабай айыл-чарба тармагынын тамтыгы чыгып бүткөнү, мамлекетибиздин экономикадагы үлүшү өтө эле аз экени, айыл-чарба министрлигинин кылган иши көрүнбөй жатканы айтылып, жазылып эле келет.  Атүгүл айыл-чарба министрлигин жоюп эле салыш керек деген да маселелер көтөрүлгөн.

Бирок калыстык үчүн айталы, бүгүнкү күндө айыл-чарба тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, президент тарабынан фермер, дыйкандарды ар тараптуу колдоо колго алынды. Президенттин жарлыгы менен дыйкан, фермерлер жер салыктарынан бошотулушту. Мындан сырткары, быйылкы жылы айыл-чарба тармагын өнүктүрүү үчүн  26 млрд. сом бөлүндү. Мынча каражат буга чейин бөлүнгөн эмес эле. 26 млрд. сомдун 500 миллиону субсидиялар үчүн каралса, лизингге – 426 млн. сом, үрөндөрдү сатып алууга - 1,5 млрд. сом, жер семирткичтерди сатып алууга – 1,5 млрд. сом, суу чарбасына – 1,1 млрд. сом бөлүндү.

Көрүнүп тургандай, айыл чарбасы үчүн аз эмес акча. Бул каражат менен дыйкан, фермерлердин жеңилин жерден, оорун колдон алып, өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга, түшүмдү жетиштүү алууга, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүн. Эми айыл-чарба тармагынын чоңдору тарабынан миллиарддаган сомдор максаттуу жумшалып, натыйжа болобу? Же сырттан келген миллиондогон долларлык  гранттардын каякка кеткендери билинбей калгандай эле 26 млрд. сом да уурдалып, өөнөлүп, кумга сиңгендей жок болобу?

Жөжөнү саначу убакыт да келет…

Булак:  “Майдан. kg” гезити