Бюджетти толтуруудагы белгиленген план аткарылганы маалым болду. Салыкчылылар менен бажычылар салыктык жана бажылык төлөмдөрдү жыйноо менен өлкө бюджетин 13 млрд. сомго толтурушту. 30-январга карата Салык кызматы тарабынан 8 млрд. 547 млн. сом чогултулуп, план 106,4 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, 514,6 млн. сомго көп жыйналган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3 млрд. 436,1 млн. сомго көп. Бажы кызматы болсо январь айында 4 млрд. 368,3 млн. сом жыйналып, план 130 пайызга аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 2 млрд. 388,4 млн. сомду түзгөн. Көрүнүп тургандай, 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусу жаман эмес. Жыл аягына дейре ушундай темп сакталса, бул республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн, социалдык милдеттенмелердин убагында аткарылуусун шарттабай койбойт.

Булак: “Майдан. kg” гезити