Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шаирбек Ташиев банк насыяларынын үстөк пайызына байланыштуу маселени көтөрдү. Ал парламенттештерин ушул жаатта иштеп, карапайым элге, анын ичинде чакан жана орто бизнеске шарт түзүп берүүгө чакырды. 

"Алдыдагы жыйындарда банктардын берип жаткан насыяларынын үстөк пайызын карашыбыз керек. Бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жасалган аракет болмок. Азыр коммерциялык банктар 30-35 пайыз менен насыя берип жатышат. Улуттук банк менен кеңешип, банктар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү же толуктоо киргизүү мененби, бул маселени чечүүгө жетишибиз керек. Үстөк пайызын 15 пайыздан ашпай тургандай кылуу зарыл. Азыр дээрлик ар бир үй-бүлөдө насыя алгандар бар, ошондуктан, өтө маанилүү маселе", - деди Шаирбек Ташиев.