Кыргызстанда 170 миң сом пенсия ала турган бир пенсионер бар. Анын кимдиги белгисиз. Бир канча убакыт мурда бул тууралуу маалымат жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болгон. Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева ири суммадагы пенсия алган жаран Соцфондко эмгекке жарамдуу мезгилинде ошончо көп акча которгонун белгиледи. 

"Ал жаран иштеп турган жылдарында Социалдык фондко 19 миллион сом которгон. Аз суммадагы пенсия алган пенсионерлер эмгек жылдарында аз сумма которушкан болот", - деди Жуматаева.