- Чакан ишкерчиликке Салык кодексинин жаңыланышы кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт деп ойлойсуз?

- Бизде, Кыргызстанда көбүнчө чакан жана орто ишкерчилик өнүккөнүн жакшы билесиздер. Алардын көбүнүн  бир жылдагы соода жүгүртүүсү 8 миллионго жетпейт. А жаңы Салык кодексинде соода жүгүртүүсү 8 миллионго жетпеген ишкерлерге абдан жакшы жеңилдиктер берилиптир. Менимче, бул бизнести колдоодогу олуттуу кадам. Орто, чакан ишкерчиликтин өнүгүшү мамлекет үчүн абдан маанилүү. Кассалык аппараттардын орнотулуп жатышы да жакшы көрүнүш, анткени, ал аркылуу ким кандай жүгүртүү менен иштеп жатканы, өлкөдөгү экономикалык абал толук көрүнүп турат. Бюджетке түшкөн салык көлөмү да көбөйөт. Азыркы Салык Кодексинин негизги маңызы ошол.