- Жаңы Салык кодексинде салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режими колдонулуп, салыктык туум жана санкциялардын 50 пайызынан бошотуу каралды. Ушундай аракеттер көмүскө экономиканы жое алабы?

- Салык системасы аркылуу бизнести мыйзамдуу негизге кайтаруу максатында кодекс өзгөртүлдү деп ойлойм. Төлөмдөрдү бюджеттик же салыктык карым катнашка киргизип, экономикабызды ачык, ак жолго салып алсак, өлкөбүз буйруса бутуна бекем турат. Өзүңүздөр билесиздер, кийинки учурларда жеке ишкерлер улагайган курагында пенсияга чыгуудан кыйналып жатышат. Жаңы Салык кодексинде ушул көйгөй да каралган, жеке ишкерчилик менен алектенгендерде азыркыдай маселе жаралбайт. Ошондуктан, жалпы коомчулулуктун ыңгайына жараша түзүлгөн кодекс болуп жатат. Мунун артынан дагы көптөгөн мыйзамдуу чечимдер кабыл алынышы керек. Эң негизгиси биринчи кадам жасалды, мындан аркы реформаларды да күтөбүз.