Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.

Ага ылайык, ушул жылы бензин төрт сомго, ал эми дизель алты сомго кымбаттайт. Эшатов муну Орусияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатканы менен негиздеди.

Мындан бир ай мурун Орусия 2022-жылы бажы алымы жок Кыргызстанга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отунун берери маалым болгон. Былтыр Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын жиберген.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады.

Бензиндин баасы кымбат болгон соң, башка да кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү менен товарлардын арзандашынан үмүт кылбай эле койсок болот. Ошондуктан бийлик башындагылар Орусиянын эле оозун карап, көз каранды болуп отура бербестен, аз да болсо жергиликтүү мунай жана газ кендеринин ишин жакшыртып, андан тышкары Иран, Азербайжан, Түркмөнстан сыяктуу боордош мамлекеттерден мунай ташууну, техниканын электромобил сыяктуу түрлөрүн чыгарууну колго албаса, кымбатчылык токтой тургандай эмес.