Бул бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат.

- Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана КРнын айыл жергесиндеги  калктын экономикалык бакубаттуулугун  жогорулатууга багытталган. Ага  катышуу үчүн Ош жана Баткен облусундагы чакан жана өсүп келе жаткан ишканалары чакырылат. Негизги талаптар: бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, жылына 350 миң сомдон кем эмес кирешеси жана командада экиден кем эмес адам болушу керек.

Тандалып алынган компаниялар сегиз жумага чейинки акселерациялык программага катышат. Программанын жүрүшүндө ишкерлер баалуу сунуш, адам ресурстарын башкаруу, экспорт стратегиясы, каржы жана бизнес-моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча интенсивдүү окутуудан өтөт жана тажрыйбалуу трекерлер менен иш алып барышат. Трекинг системасы ишкерлерге окутуу учурунда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга, ошондой эле бардык командалардын прогрессин көзөмөл кылып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Инвестициялык комитети  жеңүүчү деп тапкан ишканалар Accelerate Prosperity тарабынан 100 миң долларга чейинки инвестиция жана техникалык колдоо алышат.

Кызыкдар болгон ишканалар https://kg.accelerateprosperity.org/oshbatken22 дареги боюнча кирип, онлайн-анкетаны толтурушу керек. Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 10-февраль, 2022-жыл.