- Жаңы Салык кодекси коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып жатат. “Дордой” базарынын сатуучулары ККМга каршы митингге чыгышты. Эмне себептен мындай нааразычылыктар пайда болууда?

- Мен өзүм да ишкерчилик менен алектенем. Ошондуктан, ишкер катары айтсам ККМ системасын эртерээк киргизип жатышат. Айрыкча, базарда соода-сатык кылгандар үчүн мунун азырынча кереги жок болчу.

- Эмнеге эрте?

- Пандемиядан орто бизнес көбүрөөк жапа чекти, аларга мамлекеттен эч кандай жардам болгон жок. Араң гана эми реабилитация болуп, буттарына туруп жатканда ККМ киргизүү менен  ишкерлердин башын маң кылып коюшту. Аларга товарлар кантип учетко алынаарын, отчетту кантип беришээрин жана салыктын кайсы түрүн төлөшөөрүн  толук кандуу түшүндүргөн эч ким жок.  Бул системаны  алгач  коомдук талкууга коюп, пилоттук таризинде ишке киргизсе туура болот эле. Дагы бир жагдай,  биздин чиновниктер эч кандай анализ жүргүзбөй эле, башка өлкөлөрдүн салык системасын көчүрүп келип бизге киргизгенге аракет жасай беришет. Көчүрүлгөн система адаттагыдай эле ийгиликсиз болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, мурда ишкерлер сатуудан түшкөн салыкты төлөшсө, эми ККМ менен пайдадан түшкөн салыкты төлөшөт. Албетте, бул ишкерлердин нааразычылыгын жаратат. Балким, бул мамлекет үчүн пайдалуу болот, а бирок ишкерлерге оорчулук жаралат. Орто бизнестин белин сындырып коебуз десек да болот.

- ККМ коюлса, ишкерлерди бир жыл салыктан бошотулат деп жатышат, бул реалдуу нерсеби?

- Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири - социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болгону жатат. Эки негизги көрсөткүч болот. 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14,25  пайызга айланат. Анын төрт пайызын жумуш берүүчү, ал эми он пайызын жумушчу өзү төлөйт. Азыркы учурда ишкер субъектилери төлөгөн салык 38 пайызга  чейин барат.