Ар бирибиз эле өлкөбүз экономикалык жактан секирик жасап, ар бир жарандын жашоосу жакшырып, элибиз бакубатчылыкка жетишин каалап келебиз. Ошол көпчүлүгүбүз күткөн экономикалык кереметке качан жетишебиз?

Өлкө башчысы С. Жапаров буга жооп бергендей болду. Ал экономикалык керемет үчүн 20-30 жыл керектигин айтты. Ал үчүн Кыргызстан циклдүү экономикалык өсүш жолуна багыт алышы зарыл.

«Эгерде СССР, АКШ, Япония жана Сингапурдун басып өткөн жолдорун карап көрсөк, алардын экономикалык кереметке жетүүлөрүнө 20-30 жыл кеткенин көрөбүз. Биз да ошого жетишүүнү максат кылып, жаңы Кыргызстанды курсак дейбиз. Биздеги реформалар чийки заттарга баалардын өсүшү менен коштолууда. Баарыңыздар Марксты окугансыздар. Ал: кризис, депрессия, кайра жаралуу, активдүү өнүгүү – бул цикл деп айткан. Эгерде бул жагдайларды шарттасак, сөзсүз өнүгүүгө жетишебиз. Казакстан менен Өзбекстан өндүрүшүн сактай алды. Бул алардын жетекчилеринин жетишкендиктери. Бизде кырдаал башкача», - деди С. Жапаров.

Албетте, экономикалык өнүгүүлөргө жетишкен өлкөлөрдөй эле Кыргызстандын да экономикалык жактан өнүккөн өлкөгө айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Башкысы, мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк орун алып, өлкө башындагылар чындап элди ойлошуп, коррупцияны ооздуктоо, жумушчу орундарын түзүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу багытында натыйжалуу иш алып барышса  болгону…