2022-жылдын январь айында "Кумтөрдөн" түшкөн таза киреше 300 миллион долларга жетээри божомолдонууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад шаарындагы эл менен жолугушуусунда билдирди. 

“Кумтөр” 100 пайыз Кыргызстандын колунда, азыр кол коюу процедуралары гана калды. Буйруса кол коюлат, анда эч кандай маселе жок. Келерки жылдан тартып кыргыз эли "Кумтөрдүн" үзүрүн көрүп баштайт, киреше январга карата 300 миллион долларга жетет деп азыр божомолдонуп жатат. Мына, ошол акчага 2022-жылы  айлык-пенсия көбөйтүлөт, бир катар долбоорлор каржыланат",  - деди президент. 

Ал белгилегендей, "Кумтөрдө" жыл сайын 1 миллиард долларга бааланган алтын казылат жана анын жарымы ишкананын чыгымдарына кетет, ал эми калганы таза киреше болуп саналат. Учурда компаниянын эсебинде 200 миллион долларга жакын таза киреше турат.  

 "Январда 300 миллион доллар алабыз. 30 жылда мындай көрсөткүч болбогон экен. Биз ушул кирешени завод-фабрика курганга, дыйкандарга насыяларга, жолдорду оңдоого бөлүштүрөбүз. Марттан тартып курулуш иштери башталат. Облус, райондорго берилет. 1-апрелден тартып айлыктар жогорулайт. Пенсияларга, жөлөкпулдарга да кошулат", - деди Садыр Жапаров.