Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Арал-Казарман автоунаа жолунунун ачылышында сүйлөп жатып, "Кумтөрдөн" 5 тонна алтын өндүрүлгөнүн жана бул алтын толугу менен Кыргызстанда калаарын билдиргенин комментарийледи. 

"Алтындын дүйнөлүк баасына таянып, акчага айлантып айтканда бул эмнени билдирет? 1 кг алтындын орточо баасы 60 миң доллар болот. Бул баа күн сайын тигил же бул тарапка, алтындын дүйнөлүк баасына жараша өзгөрүп турат. Жыйынтыгында, "Кумтөрдөн" алынган 5 тонна алтын уюткусу болжол менен 300 миллион долларды түзөт. Аны менен катар бардык продукция 100 пайыз Кыргызстанда калат, таза кирешенин дивиденттери 100 пайыз биздики. "Центеррага" киреше берилбейт. 

Балким мен адашып жаткандырмын, анда мени алтын жана анын баасы боюнча адистер оңдоп койсун... 

Менимче, бул жаман эмес старт. "Кумтөр" Кыргызстандын жана анын элинин кызыкчылыгына иштеп баштады! Көз тийбесин дейли...", - деди Акматалиев.