Бюджетте иштеген кызматкерлердин айлык акысы, пенсияга жана жөлөк пулдарга төлөнчү каражаттардын кепилдиги катары Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлдү. Мындай жарлыкка өткөң аптада президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда чогулуп топтолгон каражат кайсы бир учурда, мамлекеттик бюджетте кандайдыр бир кыйынчылык жагдай жаралып кала турган болсо социалдык жактан кепилденген төлөмдөргө доо кетпей, туруктуу сакталып турсун деген ой менен жасалды.

Турукташтыруу фондун түзүу демилгеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Президенттин тапшырмасы боюнча мындай фонддо 17 миллиард сомдон кем эмес акча топтолуп, бюджетте иштеген кызматкерлердин айлыгын, пенсия менен жөлөк пулга төлөнчү каражаттарды кем дегенде эки ай бою жапканга жаткендей болушу керек. Мындай турукташтыруу фонддорун дүйнөнүн бир топ мамлекеттери түзгөн. Шериктеш өлкөлөр арасында Россияда, Казакстан менен Өзбекстанда түзүлүп иштеп жатат.

Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүдөн, алтын кендеринен түшкөн кирешеден, эгерде бюджеттин киреше булагынын аткарылышы ийгиликтүү болуп калса, ашыкча каражат болсо ал дагы фондга киреше катары кирет. Андан тышкары фонд өзү дагы аракет кылып изденип, баалуу кагаздар рыногуна аралашып же финансы операцияларын жүргүзүп кошумча киреше булактарын тапса болот.

Бир сөз менен айтканда, мындай туруктуу иштеп бере турган фондду түзүү учурдун талабы болуп турат. Эгерде өкмөт муну жакшы жолго коюп иштетип кетсе бүтүндөй мамлекеттин эң чоң утушу болоорун эксперттер айтышууда. Ал эми коомчулукта бул боюнча кризисти, бюджеттеги тартыштыкты эске алганда, фондго кандай каражаттар салынышы мүмкүн деген суроонун тегерегинде ой жоорулар көп. Экономист Кубанычбек Идинов фондду түзүү  замандын багытына бап келген идея деп эсептейт.

«Фонд түзүү идеясы жакшы. Былтыр ички дүң продукция 8,6 пайызга азайып кеткен. Эгер быйыл жок дегенде 10 пайызга өссөк, былтыркы тартыштыкты жаап, аз-аздан өнүгүүгө бет алган болобуз. Фондго каражатты «Кумтөрдүн» эсебинен тапса болот. Себеби, быйыл алтынды өзүбүз иштетип, өзүбүз сатып жатабыз да. Мурда ИДПга бөлүшүп келгенде өндүрүлгөн алтындын дээрлик 75 пайызы Канаданын эсебине кирип, бизге 26 эле пайызы түшчү. Азыркы учурда алтындын бардык кирешеси биздин ички дүң продукцияга кирет. Ошондуктан, ИДПнын тез өнүгүшүнө, фондго каражат табууга шарттар бар. «Кумтөрдөн»  жылына 20 тоннага жакын алтын чыгарылат, быйыл куру дегенде 15 тонна чыгышы мүмкүн. Ушул акчанын бир тоннага тете баасын фондго салса деле резерв толот деген ойдомун», - деди экономист.

2022-жылы чакан жана орто ишкерчилик менен алектенгендер үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төмөндөтүү пландалууда. Буга чейин мамлекеттик деңгээлде ишкерлерге көмөк көрсөтүү аракеттери жасалган. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар кайсы категориядагы ишкерчиликтин көбөйүшү маанилүү болгондуктан, бул жаатта алгылыктуу иштер жолго салынган. Ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүн төмөндөтүүнү мамлекеттин ишкерчиликти колдоого жасаган аракеттеринин бири катары карасак болобу? Бул суроого Кубанычбек Идинов төгүмдү азайтууну кош бухгалтерияны жоюуга жасалган кадам катары белгиледи.

«Бул чакан жана орто ишкерчилик менен алектенгендерди кош бухгалтерия жүргүзүүдөн чыгарууга багытталган чечим. Тактап айтканда,  салык төлөөдөн качып, кызматкерлердин айлык акысын «конверт» менен берген көрүнүштөрдү жоюу. Мамлекетке төлөнүүчү социалдык салыктардын көлөмү дээрлик 29 пайыз болгонуна байланыштуу бизнес менен алектенгендердин  айрымдары салык кызматкелерине чыныгы кирешесин, иштеген кызматкерлердин маянасынын көлөмүн жана кызматкерлердин санын дагы  азайтып көрсөтүүгө көнүп алышкан. Албетте, ачык, салыктардын баарын төлөгөн ишкерлерибиз да көп. Анткен менен өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээли 50 пайыз же андан дагы жогору экени жашыруун эмес. Бирок бул жерде экинчи дагы бир маселе келип чыгат. Маселен социалдык төлөмдөрдүн көлөмү азайса пенсия, жөлөк пулдарды төлөөдө маселе жаралышы ыктымал. Бул учурда социалдык бюджетти башка булактын каражаттарынан колдонуу зарылчылыгы  жаралат», - деди Кубанычбек Идинов.