Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээлинин көтөрүлгөнү өлкө бюджетине терс таасирин берүүдө.  Статистика боюнча өлкөдөгү импорт  67-80 пайызды түзөт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37 пайызына тең келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 миллиард сомго чейин толтурса боло турганын айтты. Маалым болгондой, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү салыктардан, бажы төлөмдөрүнөн жана салыктык эмес түшүүлөрдөн турат. “Бюджет тууралуу мыйзамга” ылайык, жыл сайын ар бир жылдын бюджетинин долбоору жана кийинки эки жылга божомолу кошо бекитилип турат. Анда каржы булактары көрсөтүлүп, түшчү каражаттын таңкыстыгы менен кошо бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өлчөмү аныкталат. Мындан улам учурда көмүскө экономика менен күрөш күч алды. Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев мындай шартта коомчулуктун түшүнүп, колдоого алуусу зарыл деп эсептейт.

Кубан Айдаралиевдин айтымында, базар экономикасына өтүү менен көмүскө экономиканын да деңгээли кескин көтөрүлгөн. Ал массалык түргө айлангандыктан, аны менен күрөшүү татаалданды.

«Азыр бизде ишкерлер өздөрүндө иштеп жаткан адамдардын санын жок дегенде эки эсеге азайтып көрсөтөт. Анткени, киреше салыгы менен эле Соцфонддун 27,25 пайызын төлөгөндө, жалпы эмгек акы фондусунан 37, 25 пайызды бюджетке төлөшү керек болуп калат. Ошондуктан, алар 37, 25 пайызды төлөбөй эле, калган сумманы эмгек акы эмес, конверт түрүндө карматып жатышат. Бул бизге жаңылык эмес, баарыбыз аралашып, көрүп-билип эле жүрөбүз. Андыктан, мында бир топ натыйжалуу ыкмаларды колдонууга туура келет. Биринчи кезекте,  көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн жалпы элдин түшүнүгү, колдоосу зарыл. Коомдо ак ниети менен нан таап жегендер, таза бизнес кылгандар бааланышы керек. Эл жетекчиге байлыгы, бийлиги үчүн эмес, таза эмгеги үчүн сый-урмат көрсөтсө, ошондо оңолобуз», — деди аткаминер.

Ал эми ишкерлер өздөрү бул тууралуу кандай пикирде? Көмүскө экономиканын кайсы бир жеке тарап үчүн пайдасы болгону менен жалпы мамлекет зыян тартып жатканын билишеби? Кайсы тармакта болбосун кирешесин ачыкка чыгарбай, жең ичинен пайда көрүүнү каалагандар жок эмес. Эмне себептен ачыктыктан качып, жашыруун киреше табууну каалагандардын катары өстү? Бул суроого өнөр-жай профсоюзунун төрайымы Алмабүбү Жаркынбаева жооп берип жатып, жеңил өнөр-жай тармагында да көмүскө иштегендер аз эместигин белгиледи.

«Буга бир нече фактор себеп. Алар: ишкерлердин кайсы бир тарапка ишениминин жоктугу, экинчиден, жумушка орношуп жаткан адам анын жол-жобосу боюнча маалымат албайт, үчүнчүдөн, жумушчу, кызматкерлер арасында туруктуулук жок, бир иште көпкө кармалып иштегендер аз. Айрым адамдар жумушка орношуп жатканда эмгек келишим сурашпайт, айлык акысы канча экенине, күнүнө канча саат иштеп, жумасына канча күн бош болооруна кызыкпай эле, «элдин баары ушинтип иштеп жатышпайбы» деген кыязда иштөөсүн баштай берет. Анан калса, бир жерде туруктуу иштешпейт, бир иштен экинчи ишке тез эле өтүп, бир жумушту экинчиге алмаштыра беришет.  Дагы бир көйгөй: иш берүүчү да, иштей турган адам да бүгүнкү күнүн, бүгүнкү маянасын гана ойлоп калды. Бул маселени үч тараптан чечпесек, чечүү кыйын. Мисалы, биздин тармакта көбүнчө жеке ишкерлер иш алып барат. Алардын көбү акырындык менен каражат топтоп, ишти баштап, алгач 2-3 жумуш ордун түзүп, тепкич-тепкич менен өнүгүүгө бет алгандар. Жаңы иш баштагандарга жеңилдик берилип турса, балким көмүскөгө кеткендер мынчалык көбөйбөйт эле. Ишкерлердин бири таза иштесе, экинчиси көмүскөдө», - деди Жаркынбаева.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 2,5 миллионго жакын жаран бар. Ал эми пенсионерлердин саны 700 миңдин тегерегинде.

Алмабүбү Жаркынбаева биздеги эмгекке жарамдуулар менен пенсионерлердин теңдештиги туура келээрин айтты.

«Бир пенсионерге үч эмгекке жарамдуу жаран туш келсе, бул жакшы көрүнүш. Кыргызстанда ушундай теңдештик бар. Бирок ошол үч адам тең расмий иштеп, мамлекетке салык төлөгөндө, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошулмак», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейинки айрым аткаминерлер көмүскө экономиканын, аткезчиликтин көлөмү өскөнүн жарыялашканы менен ага өздөрү аралашкандыктан, күрөштөн майнап чыкпай келгенин белгилеп, эми алдыда бул жаатта тартип орнотулаарын айтууда.

“Бажы тармагы аркылуу көмүскө жолдор менен кирип жаткан товарлардын бардыгы көзөмөлдөнүп, салыктарынан түшчү кирешелер бюджетке бурулат. Биз азыр сатыла турган ар бир литр күйүүчү майга чейин көзөмөл орнотобуз. Аткезчилер азыр бизди билбей калат деп ойлошот. Бирок биз Орусиядагы алардын заводдор менен түзгөн контрактарынын алып, электрондук эсептери менен салыштырып, фискалдаштыруу аркылуу салык төлөбөгөндөрдүн бетин ачабыз. Фискалдык жөнгө салуу күйүүчү майдан, арактан, тамекиден жана башка азык-түлүктү көзөмөлдөп өткөрүүдөн башталат. Мурдагы өкмөттөгүлөр “товарлар аткезчилик жолдор менен Токмоктон, Кара-Балтадан кирип жатат деп коюшуп, оздөрү болсо ээн-эркин эле эшалондор менен ташып турушкан. Мына ошол эшелондордун бардыгынын эсебин табабыз. Айрымдары эле азыр көз жаздымда калып кетип жатпаса, дээрлик бардыгынын жашыруун жолдорун, көмүскө чийимдерин аныктап, таап чыгып калдык. Буюрса, жаңы жылга чейин бардыгын тартипке салабыз”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.