Sputnik Кыргызстан мезгил-мезгили менен негизги валюталардын курсу, күйүүчү майдын наркы жана алтын куймалардын баасы тууралуу кабарлап турат.

Төрт күнгө созулган дем алыш күндөрү доллардын курсу билинер-билинбес өзгөрдү. Евро менен алтындын баасы жогорулап, күйүүчү май мурдагы наркында калды.

Акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда долларды сатып алуу алты тыйынга (84,66 сом) түшүп, сатуу ошол бойдон (84,9 сом) калган.

Евро бүгүн дүйшөмбү күнкүгө салыштырмалуу 10 тыйынга (97,7 сом) кымбат. Рублдин курсу бир аз жогорулаган. 

Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат. "Газпром нефть Азия" май куюучу түйүндөрүндө АИ-92 маркасындагы бензин 56,9 сомдон сатылууда.

Алтын куймалардын айрым түрлөрүнүн наркы сезилерлик кымбаттады. Маселен, бир граммы 85 сомго баасын жогорулатып, дээрлик 9 миң сомдон сатылууда.


sputnik.kg