Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КР экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Перет Сийярто, андан тышкары Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду башкармалыгынын жана кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Министр Сийярто белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрияны көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат, алар ишенимдүү мүнөзгө ээ жана тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктарды урматтоо духунда системалуу түрдө өнүгүп келет.
Ошондой эле Сийярто фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат жана аны түзүү Кыргызстанда, өзгөчө пандемиядан кийинки мезгилде кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи.
Министрдин орун басары Амангелдиев КР министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан бардык катышуучуларды куттуктап, биздин өлкөлөрдү көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий байланыштар байланыштырып турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө фонддун баштапкы капиталы 16 миллион долларды түзөт, келечекте аны 50 миллион долларга жеткирүү пландалууда.
Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. КР министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен фонддун кеңешинин жана башкармасынын курамы бекитилди. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалды.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда фонддун директорлор кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда бир катар чечимдер кабыл алынган.

Булак: Кабар