Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке талапкер болгон төрт партиянын тизмесинен бирден талапкерди каттоодон баш тартты. 

Маалыматка караганда, "Ыйман Нуру" партиясынан Жаңыл Алыбаеваны, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Айлайбек Алымбаевди, "Улуттар биримдигинен" Аскар Бешимовду, "Ата-Мекенден" Чынара Турдалиеваны каттоого албоо чечим чыгарылды. 

Анда айтылгандай, аталган талапкерлер тизмеден өз каалоосу менен чыгышкан. Ошондой эле, бир мандаттуу округдан чыккан сегиз талапкерден да шайлоого баруудан баш тартканы боюнча арыз келип түшкөн. Алардын арасында бир аял - Муса кызы Алина бар. 

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.