Кыргызстанда ишкер айымдардын ишкерчиликке таштаган алгачкы кадамын колдоо иретинде Кайтаруучу фонд түзүлдү. Эми ишкер айымдар пайызсыз жана күрөөсүз насыя ала алышат. Фонддун башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири: андагы каражаттын баары ошол эле айымдар тарабынан чогултулган.

Фонд азырынча чакан жана ишмердүүлүгүн баштаганына аз гана убакыт болду. Бирок жазында биринчи ишкер айымга насыя берген. Ошентип, Фонд бир ишкердин ийгиликтүү кадам таштоосуна себепкер болду. Биз “She Starts” Кыргызстанда айымдар арасындагы ишкерчиликти өнүктүрүү Фондунун аткаруучу директору Жадыра Балабасова менен маектештик.

- Фонддун түзүлүшүнүн себеби эмнеде?

- Кыргызстанда көп айымдар каржылоо жагына келгенде кыйынчылыкка дуушар болушаары жашыруун эмес. Банктар алгачкы кадамды каржылашпайт, а ишкерчиликке багыт алган айымдар айрыкча, ишин жаңыдан баштап жаткан маалда товар жүгүртүү үчүн жетиштүү суммадагы акчага жана тажрыйбага ээ эмес. Ошондуктан, Кайтаруучу фонд айымдардын бизнес-долбоорлорун колдоо үчүн түзүлдү. Биз айымдарга өз ишин ачышына мүмкүнчүлүк бергибиз келет.

 - Насыяны кантип ала алышат?

- Каражат сынактык негизде пайызсыз жана күрөөсүз берилет. Уюм бир жылга чейинки мөөнөттү аныктайт, бул убакыт ичинде насыя алуучу бирдей үлүш менен алган сумманы кайтарат, андан кийин дагы эле сынактык негизде кийинки айымга насыя берилет. Каржылоону жаңы баштаган жана иштеп жаткан ишкерлер ала алышат.

- Фонддун бюджети канча?

- Учурда 100 миң сомдун тегерегинде. Бул сумма She Starts «WomenUp» жана «Aiym Creates» долбоорлоруна катышкан ишкер айымдардын жардамы менен чогултулду. Кайтаруу Фонду – бул айымдардын айымдарга арналган демилгеси.

- Буга чейин насыя берилдиби жана биринчи жыйынтыгы кандай болду?

- Фонддон биринчи болуп Назгүл Абдыжалил кызы аттуу ишкер айым насыя алды. Ал Орок айылында жашайт. Ал айылда 9-класска чейин гана окуткан мектеп бар. Андан башка эч кандай кызмат көрсөтүүлөр, балдарды өнүктүрүүчү, жаштардын жана айымдардын көңүл ачуучу борборлору жок. Биздин катышуучубуз ушул жетишпестикти жойгусу келди. Анткени, ал айылда өтө көп жаш үй-бүлөлөр жашайт, балдарын өнүктүрүү борборлорго берүү үчүн шаарга ташууга баарынын эле чама-чаркы чак келе бербейт. Ошондуктан, Назгүл айылына ушундай борбор ачты.

- Азыр борбор иштеп жатабы?

- “Инсан” өнүктүрүү борбору июнь айынын башында ачылды, бүгүнкү күндө 100дөн ашуун бала барууда. Борбордо билим берүү ийримдеринен сырткары спорттук секциялар, жаш айымдар үчүн йога классы да иштеп жатат. Ишкер мектептен алыс эмес жерде жайгашкан имаратты ижарага алган. Андан сырткары беш айылдашын иш менен камсыз кылды. Аны менен бир гана балдарды өнүктүрбөй, жумушсуздук да маселесин чечүүдө десек болот. Биздин адамдар өзүнүн чакан ишканасын ишке киргизүү менен элди жумушка тартып жатканына абдан кубанычтабыз.

 - Алдыда кандай пландар бар?

- Учурда Кайтаруу фондун кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул фонд бир гана каржылык колдоо бербестен, эксперттик жана ментордук да жардам көрсөтөт. Адистик байланышты камсыздайт. Айымдар бири бирине жардам берип, чогулуп, биригим, бири эксперттик колдоо көрсөтсө, экинчиси ментордук колдоо берип, кимдир бирөө каржылык жактан кол сунуп турганы абдан кубандырат.

Булак: «Майдан. kg» гезити