Ири май куюучу Ред петролиум тармактуу компаниясынын башкы мүдүрү Акылбек Маматов нефтини бизге берүүнүн көлөмү көбөйсө, ички рынокто жакшы көрсөткүчтөр пайда болот дейт.

Жакында Орусия Квргызстанга пошлинасыз дизель жана бензин жөнөтүүнүн көлөмүн жогорулатты.  Тараптар 12-октябрда Москвада протоколго кол коюшуп нефти жана нефти өнүмдөрүнүн тең салмактуулугун 2021-жылдан баштап туруктуу кармоону макулдашышты. Ошентип пошлинасыз келүүчү бензин 180 тоннага, ал эми дизель 65 тоннага көбөйө турган болду.

Талдоочулар бул нерсе сатып алуучулардын талаптары оң жагына чече турган чечим болду деген пикирде. Туруктуу тең салмактуулуктун көлөмүнүн өзгөрүшү 2016-жылы бензин 460 миң тонна 2021-жылы 650 миң тонна. Дизель 485 миң тонна ал эми 2021- жылы 550 миң тонна.

Кыргызстандагы Ред Петролиум компаниясынын директору пошлинасыз өткөрүү келишими 2016-жылы түзүлгөндүгүн эске салды. Бирок тараптар келишимдин алкагында Кыргызстан -Россия күйүүчү майды ташуунун көлөмү ушуга чейин көбөйгөн эмес болчу деп баса белгиледи.

Ошону менен бирге Кырызстанда күйүүчү майга болгон суроо талап жылына 5-7% өсүп жатат статистикага ылайык.
 Бул экономикалык себептерге байланыштуу, өлкөдө автоунаанын саны өсүүдө.

Ошону менен бирге айыл чарбасында агросекторду каржылоо көлөмү өсұп көп өлчөмдө күйүүчү май талап кылынып жатат. Тактап айтканда дизель күйүүчү майы жаздык күздүк иштерге көп керек болот "- деп кошумчалады Маматов.
РФ дүйнөдө нефтинин кору боюнча алтынчы орунда тургандыгына карабастан пандемия учурунда дүйнө эли катары эле кыйынчылыкка тушукту. Ички рынокту нефть жана нефть өнүмдөрүнүн жетишсиздиги  байкалды. 

Ал тургай ички рынокту камсыздоо үчүн Европа өлкөлөрүнө экспорттоону кыскартууга да туура келди. Таажы ылаңынын кесепетинен ЕАЭС өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык-социалдык бир катар көйгөйлөрдү жаралды. Күйүүчү май маселеси Орусиядан Кыргызстанга стратегиялык мамиленин багыты менен чечилип жатты.

Кыргызстанга күйүүчү майдын Орусиядан пошлинасыз жөнөтүүсүнүн көлөмү бул аймакта экономикалык саясий туруктуулукту кармап туруу үчүн өнөктөш катары колдоосу деп билсек болот. Биздин өкмөт күйүүчү майга болгон таңсыктыкты эсептеп чыгып, керек өлчөмдөгү көлөмдү сураган деп түшүндүрдү Маматов.