Акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлдү. Аны менен катар айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн, күйүүчү майдын да баасы кымбаттады. Жакын арада Бишкек шаардык кеңеши шаар ичиндеги жол кире маселесин карап, 1-ноябрдан тартып 15 сомго чейин көбөйтүүнү чечишти.

Коңшу жайгашкан Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанга акыбал кандай? Төрт өлкөнүн борбор калааларындагы (бир гана Казакстандын борбор калаасы эмес, маанилүүлүгү жагынан андан кийинки эле орунда турган Алматы шаары алынды) азык-түлүктөрдүн, жол киренин баасын жана айлык акыларды салыштырып көрүүнү чечтик.

 Айлык акылар (сом менен берилди)

Алматыда орточо эмгек акы 36 850 миң сомдун тегерегинде. Ташкентте 23850 сом. Ал эми Бишкек 20 000 сом менен үчүнчү орунда турса, Душанбеге акыркы орун тийди, бул өлкөдө орточо айлык 14 300 сомдун айланасында болот.

Тамактануучу жайлар

Көбүнчө кайсы бир шаардагы кымбатчылыкты так баалай билүү үчүн ал шаардагы коомдук тамактануучу жайлардагы бааларга көз жүгүртүү жетиштүү. Анткени, азык-түлүктүн кымбатташы коомдук тамактануу жайлардагы бааларга таасир этээри шексиз. Бул жаатта Алматы эң кымбат шаар – кымбат эмес кафедеги бир адамдын тамактануусу 500 сомду чапчыйт – болуп табылса, экинчи орун Ташкентте. Бул шаарда бир адам 425 сомдун тегерегинде  акча коротуп тамактана алат. Бишкекте болсо 400 сом жетиштүү. Ал эми Душанбеде 280 сом гана коротосуз.

Азык-түлүктөр

Сүттүн эң арзаны Бишкекте. Биз литрин орточо эсеп менен 48 сомдун тегерегинде сатып алган сүттү алматылыктар 75, ташкенттиктер 76, душанбеликтер 51 сомдон алышат. Ал эми нандын баасы үч шаарда: Бишкек, Астана, Душанбеде бирдей – 500 граммы 29 сомдон, а Ташкентте 27 сом. Күрүч да Бишкекте арзан болуп чыкты. Бир килограм күрүчкө биздикилер 76 сом төлөшсө, Душанбеде 123 сом, Ташкентте 103, ал эми Алматыда 83 сомдон сатылат. Эттин эң кымбатын Ташкенттен табасыз, бир килограммы – 613 сом. Алматыда – 558. Бишкекте – 503. А Душанбеде 453 сом. Алманы башка шаарлардын жашоочулары Бишкектен ташып кетсе болчудай экен. Анткени, ушул убакта биздин шаар алманын баасы боюнча артта турат. Биринчи орунда Ташкент – бул шаарда бир килограмм алма 138 сом, Душанбеде 110 сом, Алматыда 105, ал эми Бишкекте болгону 80 сомдун тегерегинде сатылууда.

Жол кире

Бул жаатта да Бишкек баа боюнча арткы орунду ээледи. Бул азырынча  шаар ичинде жүргүнчү ташыган автобус, троллейбус жана кичи автобустардын баасы 1-ноябрдан тартып көтөрүлөөрүн эске албаганда. Бирок белгилеп койчу жагдай, биз эми жеткен жол кире берки үч шаарда алда качан түптөлгөн. Алматыдагы коомдук унаалар киши башына 16 сомдон, Ташкентте 13 сомдон, Душанбеде 15 сомдон алганына көп болгон. Ал эми Бишкекте азырынча жол кире маршурткаларга 10, автобус, троллейбустарга 8 сомдон. 1-ноябрдан тартып кичи автобустар 15 сомдон алса, автобус, троллейбус 11 сомдон болоору күтүлүүдө.

А такси кызматы – жүргүнчүлөрдү алуусу (километрин эсептебегенде) Алматыда 100 сом, Душанбеде 70 сом, Бишкек менен Ташкентте 50 сом.

Батирлерди ижарага алуу

Алматыда шаардын борборунан алысыраак жайгашкан райондордогу 1 бөлмө батирдин бир айлык ижара акысы 20 миң сомдун тегерегинде. Ташкентте ушул эле шарттагы бир бөлмө батирди 18400 сомго табууга болот. Бишкекте 16 650 сомдун айланасына жетсе, Душанбеде 12500 сомуңуз бар болсо, батирди кыйналбай табасыз. Ал эми шаардын борборуна жакын жана борборунда жайгашкан бир бөлмө батирлердин баалары төмөнкүдөй: Алматы – 33 800, Ташкент – 32 100, Бишкек – 23 500, Душанбе – 22 600.