Эртең, 1-октябрдан баштап пенсия көбөйтүлөт. Кимге канча кошулаарын бүгүн  Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Айтымында, 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат.  

Ал белгилегендей, Кыргызстанда пенсионерлердин жашоо минимуму – 4 миң 785 сомго барабар болуп эсептелинет.

“Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды. Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 455 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү”, - деди төрага.