- Сомдун наркы Улуттук Банктын ишмердигине анча деле көз каранды эмес. Сомдун наркы экономиканын күчтүүлүгүнө жана экспорт -импорттун балансына жараша болот… Кыргызстанда 1990-жылдан бери соода балансы минус менен келе жатат, импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн бир топ ашык… Экспорт канчалык импорттон коп болсо ошончолук өнүгүү болот да, сомдун курсу туруктуу сакталат. Азыр мигранттардын которгон акчасы бир топ тескери балансты жымсалдап келет. Ковид-19 күчөгөндө мигранттар кайтып, которулган акчалар азайган. Кийинки кездердеги сомдун наркынын кескин түшүшү ушуга байланыштуу.

Эгер реформа болуп, инвесторлор келип, экономика өнүгө баштаса, сомдун наркы турукташа баштайт. Өнүгө албасак сомдун наркы түшө берет. Улуттук Банк сомдун наркын кыска убактагы толкундан гана сактай алат…