Өлкөбүздүн тышкы соода-сатыгынын көлөмү 2021-жылдын январьиюль айларына карата 3,8 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 19,6 пайызга өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди. Маалыматта айтылгандай, экспорт 16,5 пайызга азайса, импорттун көлөмү 40,3 пайызга жогорулаган. Ал эми ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн көлөмү ушул жылдын январь-июль айларына карата 1,8 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын аналогиялык мезгилине салыштырганда 26 пайызга өскөн. Экспорт 40,8 пайызга өссө, импорт – 21,7 пайызды түзгөн. Өз ара товар алмашуунун эң чоң үлүшү Россия (64,8 пайыз) менен Казакстанга (32,8 пайыз) туура келет.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити