Президент Садыр Жапаровдун акыркы Жарлыктарынын бирине ылайык, ай сайын берилүүчү жѳлѳк пулдардын ѳлчѳмү кѳбѳйтүлдү. Жѳлѳк пулдардын кайсы түрлѳрүнѳ канча сомдон кошулганын билбесеңиз, тѳмѳндѳгү маалыматтардан билип алыңыз.

- 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ВИЧ же СПИД инфекциясын алып жүргѳн энелерден тѳрѳлгѳн балдарга берилчү жѳлѳк пулдар 4000 сомдон 6000 сомго чейин кѳбѳйтүлѳт;

- мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 4 000 сомдон 6 000 сомго чейин;

- ата-энелеринин бирѳѳсү жок балдарга 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин;

- ата-энелеринин экѳѳсү тең жок балдарга 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин;

- 1-топтогу майыптыгы бар балдарга 4 000 сомдон 6 000 сомго чейин;

- 2-топтогу майыптыгы бар балдарга 3 300 сомдон 4 950 сомго чейин;

- 3-топтогу майыптыгы бар балдарга 2 700 сомдон 4050 сомго чейин;

- ата-энелери белгисиз балдарга 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин;

Мындан сырткары, президенттин Жарлыгынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан тартып  2021-жылдын 1-октябрына чейин кѳбѳйтүлгѳн жѳлѳк пулдарга 100 %дан кошуу каралган.

Булак: “Майдан. kg” гезити